Кыргызстандын аскер кызматкерлери Түркиянын Измир шаарында өтүп жаткан «Эфес-2026» эл аралык биргелешкен аскердик машыгуусуна катышууда.
Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирип, машыгуу 20-апрелден 21-майга чейин өтөрүн, ага жалпысынан 17 мамлекеттин аскердик контингенттери катышып жатканын маалымдады.
Маалыматка ылайык, бул эл аралык иш-чара тажрыйба алмашууга жана аскердик кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөт.
Бекитилген даярдык планынын алкагында заманбап согуш аракеттерин жүргүзүү ыкмаларын жана жаңы технологияларды колдонууга багытталган 28 окуу иш-чарасы уюштурулган.
Учурда машыгуунун сценарийине ылайык активдүү фазага даярдык иштери жүрүп жатат.


