Баткен облусунда 319 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен районунун Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба багытындагы 319 гектар жер тилкелери аныкталып, мамлекеттин балансына өткөрүлдү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында 136,52 гектар жер айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондуна, ал эми 182,51 гектары Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилген.


