Башкы беткеКоомБишкекте катарактаны алып салуу боюнча акысыз операциялар жасалат

Бишкекте катарактаны алып салуу боюнча акысыз операциялар жасалат

2026-жылдын 18-27-май күндөрү Улуттук госпиталда Кытай Эл Республикасынын офтальмолог-дарыгерлери “Экспресс-ден соолук – жаркын саякат” эл аралык долбоорунун алкагында катарактаны алып салуу боюнча акысыз консультацияларды жүргүзүп, операцияларды жасашат.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматында, долбоордун алкагында катаракта менен жабыркаган бейтаптарга 300 операция жасоо пландалууда. Операциялар амбулатордук негизде өткөрүлөт.

Бейтаптарды каттоо 12-18-май күндөрү саат 9:00дөн 16:00гө чейин жүргүзүлөт.
Катталуу үчүн телефон: 0555 02 51 71.

Катталуу үчүн төмөнкү документтерди жана анализдерди тапшыруу зарыл:

— жашаган жери боюнча офтальмологдун жолдомосу;
— көкүрөк органдарынын рентгенографиясы;
— электрокардиография (ЭКГ);
— кандын жалпы анализи, кантка кан анализи, зааранын жалпы анализи;
— В жана С гепатитинин маркерлери;
— 64 жашка чейинки бейтаптар үчүн RW анализи;
— өздүгүн тастыктаган документтер жана бар болгон күбөлүктөр (пенсиялык, майыптык тууралуу, баатыр эне жана башка).

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар