Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев М.Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборуна барып, медициналык мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышты.
Иш сапардын алкагында төрага Кыргызстанда алгачкы жолу боор алмаштыруу операциясын ийгиликтүү жүргүзгөн дарыгерлер менен жолугуп, операциядан өткөн бейтаптардын абалынан кабар алды.
Ошондой эле Марлен Маматалиев медайымдарды кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын эмгегин жогору баалады.
«Медайымдык кесип чоң сабырдуулукту, адамгерчиликти жана кесипкөйлүктү талап кылган ыйык миссия», — деди ал.
Мындан тышкары, төрага борбордогу медициналык жабдуулар менен таанышып, дарыгерлердин сунуш-пикирлерин укту. Ак халатчандар трансплантология бөлүмүн кеңейтүү жана эскирген имараттын айрым бөлүктөрүн жаңылоо зарылдыгын айтышты.
Марлен Маматалиев көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлөрүн билдирип, оңдоп-түзөө иштерине көмөк көрсөтүлөрүн кошумчалады.


