Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстандык мигранттын 1.3 млн рубль эмгек акысы өндүрүлдү

Кыргызстандык мигранттын 1.3 млн рубль эмгек акысы өндүрүлдү

Эмгек министрлигинин көмөгү менен Кыргызстандын жаранына 1,3 млн рублдан ашык эмгек акы карызы төлөнүп берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган ведомствонун Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Кыргызстандын жараны Н.Т.нын эмгек укуктарын коргоого жана эмгек акы боюнча карызын өндүрүп алууга көмөк көрсөттү.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында жаранга «СК Моно» ЖЧКсы тарабынан 1 377 000 рубль өлчөмүндөгү эмгек акысы толук көлөмдө төлөнүп берилди.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги эмгек мигранттарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн жарандарга укуктук жана консультациялык колдоо көрсөтүү боюнча системалуу иштерди улантууда.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар