Башкы беткеДүйнөӨзбекстан Монголиядан 1 млн кой алмай болду

Өзбекстан Монголиядан 1 млн кой алмай болду

Өзбекстан менен Монголиянын ортосунда өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Тараптар Монголиянын жүнү менен кашемирин Өзбекстанда кайра иштетип, экспортко чыгаруу багытында кызматташууну күчөтүүнү макулдашты. Бул тууралуу Ташкент шаарында өткөн Өзбекстан менен Монголиянын бизнес-форумунда белгилүүболду. Форумга 70тен ашуун компаниянын өкүлдөрү катышты.

Форумга Өзбекстандын Инвестиция, өнөр жай жана соода министрлигинин өкүлү Ильзат Касимов, Монголиянын Өзбекстандагы элчиси Батбаатар Дааданхүү жана Монголия парламентинин депутаты Эрдэнэбат Сүхбаатар баштаган делегациялар катышты.

Жолугушууда геология жана тоо-кен тармагындагы кызматташтык негизги темалардын бири болду. Өзбекстандын Геология министрлиги Улан-Батордогу өкүлчүлүгү аркылуу пайдалуу кендерди иштетүү боюнча практикалык иштерди баштаганы айтылды.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүн жылына 100 миллион долларга жеткирүү максатын белгилешти. Маалыматка ылайык, 2026-жылдын биринчи кварталында Өзбекстандын Монголияга экспорту 15,6 пайызга өскөн.

Ошондой эле Монголиянын жүнү менен кашемирин Өзбекстанда кайра иштетип экспорттоо, Монгол койлорунун санын 2029-жылга чейин 1 миллионго жеткирүү жана Монголияда өзбек сугат технологияларын киргизүү маселелери талкууланды. 

Транспорт жана логистика жаатында Өзбекстан–Кыргызстан–Кытай–Монголия багыты боюнча жүк ташуу коридорун түзүү мүмкүнчүлүгү каралды. Бул демилге Борбор Азия менен Чыгыш Азиянын ортосундагы соода байланыштарын күчөтүүгө багытталган.

Форумдун алкагында B2B жана G2B форматындагы сүйлөшүүлөр өтүп, бир катар инвестициялык долбоорлор боюнча макулдашуулар түзүлгөнү маалымдалды.

 

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар