Башкы беткеМаданиятКыргыз улуттук драма театры Таласта гастролдойт

Кыргыз улуттук драма театры Таласта гастролдойт

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры 100 жылдык мааракесинин алкагында Талас шаарында гастролдук спектаклдерин тартуулайт.

Гастролдук программага театрдын көрүүчүлөр тарабынан жогору бааланган классикалык чыгармалары киргизилген.

Спектаклдердин графиги төмөнкүдөй:
— 18-май — Төлгө
— 19–20-май — Атанын тагдыры
— 21-май — Саманчынын жолу
— 22-май — Темир аял

Спектаклдер Талас шаарындагы Чыңгыз Айтматов көчөсү 351/1 дарегинде өтөт. Бардык көрсөтүүлөр саат 19:00дө башталат. Билет баасы — 300 сом.

Кошумча маалымат алуу үчүн байланыш номери: +996 559 473 747.

Театрдын көркөм жетекчиси — А. Имашова, ал эми директору — А. Өзүбеков.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар