Башкы беткеДүйнөИран Ормуз кысыгынан өткөн интернет кабелдерге төлөм киргизүүнү каалайт

Иран Ормуз кысыгынан өткөн интернет кабелдерге төлөм киргизүүнү каалайт

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусуна (КСИР) байланыштуу маалымат каражаттары Тегеранды Ормуз кысыгы аркылуу өткөн суу алдындагы була-оптикалык кабелдер үчүн төлөм киргизүүгө чакырууда. Алардын пикиринде, бул кадам Иранга миллиарддаган доллар киреше алып келип, Батыш өлкөлөрүнө таасир этүүнүн жаңы куралына айланышы мүмкүн.

Tasnim агенттиги Иран эл аралык кабелдик консорциумдардан транзиттик төлөм алып, техникалык тейлөө кызматтарын сунуштап, Google, Meta, Microsoft жана Amazon сыяктуу компаниялардан ирандык эрежелерди сактоону талап кылышы керек деп эсептейт.

Иран парламентинин өнөр жай комиссиясынын мүчөсү Мостафа Тахеринин айтымында, мындай транзиттик төлөмдөрдөн түшчү киреше жылына 15 миллиард долларга чейин жетиши мүмкүн. Tasnim жана КСИРге байланыштуу Fars агенттиги андан ары барып, Иран бул кабелдер аркылуу өткөн глобалдык маалымат агымын көзөмөлдөй аларын белгилешти. Бул инфраструктура аркылуу булут кызматтары, SWIFT каржы системасы жана дүйнөлүк интернет трафигинин олуттуу бөлүгү өткөрүлөт.

Маалыматтарга караганда, Ормуз кысыгы аркылуу Перс булуңундагы мамлекеттерди байланыштырган кеминде жети ири байланыш кабели өтөт. Алар Азия, Европа жана Жакынкы Чыгыштагы маалымат борборлорун бириктирет.

Бирок эл аралык укук боюнча мындай сунуштар талаштуу бойдон калууда. БУУнун Деңиз укугу боюнча конвенциясында эл аралык байланыш жана транзиттик өтүү эркиндиги корголот. Эксперттердин баамында, Ирандын кабелдерге көзөмөл орнотуу же төлөм киргизүү аракети эл аралык каршылыкка туш болушу мүмкүн.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар