Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков Түркиянын ишкери, «ZENA Elektrik ve Enerji Anonim Şirketi» компаниясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси, ошондой эле Түрк Дүйнөсү Эзгилери Фондунун негиздөөчүсү Йүксел Чагры Гүрсес менен жолугушту. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк маданий кызматташтыгын өнүктүрүү жана кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Өзгөчө кыргыз маданиятын Түркияда жана жалпы түрк дүйнөсүндө жайылтуу, ошондой эле Түрк Дүйнөсү Эзгилери Фонду менен биргелешкен маданий долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл бурулду.
Ошондой эле тараптар чыгармачыл жамааттардын катышуусунда маданий иш-чараларды уюштуруу, маданий алмашууну өнүктүрүү жана эки өлкөнүн маданий байланыштарын чыңдоо багытында кызматташууну күчөтүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.
Жолугушуунун жыйынтыгында кыргыз маданиятын эл аралык деңгээлде илгерилетүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашууга жетишилип, алдыдагы мезгилде конкреттүү иш-чараларды иштеп чыгуу белгиленди.
Мындан ары тараптар ортосундагы өз ара аракеттенүүнү активдештирүү, маданий дипломатияны өнүктүрүү жана кыргыз-түрк маданий байланыштарын мындан ары бекемдөө боюнча иштер улантылат.


