Бүгүн, 15-майда Биринчи айым Айгүл Жапарова Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун Перинаталдык борборунун жаңы имараты жана медициналык мекеменин эски корпусундагы шарттар менен таанышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө ал үч эм төрөгөн энеден кабар алып, үй-бүлөгө ден соолук, бакубатчылык жана бакыт каалады.
Мындан тышкары, Биринчи айым саламаттыкты сактоо министри жана башка расмий өкүлдөр менен бирге борбордун жамаатын жана бардык энелерди Энелер күнү менен куттуктады.
Өз сөзүндө Айгүл Жапарова энелердин коомдогу өзгөчө ордун белгилеп, эне улуттун руханий баалуулуктарын сактоочу күч экенин айтты.
“Май айынын үчүнчү жекшембисинде эң жылуу майрамдардын бири – Энелер күнү белгиленет. Биздин каада-салтыбызда эне – улуттун бешиги жана элдин руханий баалуулуктарынын сактоочусу. Эне болуу – бул эрдик да, зор бакыт да”, – деди Айгүл Жапарова.
Ошондой эле ал медицина кызматкерлерине жан аябас эмгеги, энелердин жана балдардын саламаттыгына кам көргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, борбордун жамаатына бекем ден соолук, бакубат жашоо жана асыл иштерине ийгиликтерди каалады.


