Татарстандын борбору Казанда өтүп жаткан “Россия — Ислам дүйнөсү: KazanForum 2026” форумунун алкагында Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушту.
Сүйлөшүүдө кыргыз-россия мамилелеринин учурдагы абалы жана келечектеги кызматташтык маселелери талкууланды. Тараптар жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.
Данияр Амангельдиев эки өлкөнүн ортосундагы туруктуу саясий диалог өз ара ишенимди бекемдеп, кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Жолугушууда соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык, энергетика, транспорт жана логистика тармактарындагы биргелешкен долбоорлор талкууланды. Ошондой эле билим берүү, илим жана маданият жаатындагы байланыштарды кеңейтүү маселелери көтөрүлдү.
Тараптар бардык багыттар боюнча активдүү кызматташууну улантууга даяр экенин билдиришти.


