Башкы беткеМинистрлер кабинетиМинистр Жээнбек Кулубаев ТМУнун бейформал жыйынына катышты

Министр Жээнбек Кулубаев ТМУнун бейформал жыйынына катышты

Бүгүн, 15-майда Казакстандын Түркстан шаарында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Тышкы иштер министрлер кеңешинин бейформал жыйынына катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрлер жасалма интеллект, санариптик трансформация жана технологиялык өнүгүү жаатындагы кызматташтыкты, ошондой эле уюмдун алкагындагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары чыңдоонун актуалдуу аспектилерин талкуулашты.

Министр Ж.Кулубаев өз сөзүндө жасалма интеллект жана санариптик технологиялар инновациянын, экономикалык өсүштүн жана мамлекеттик башкаруунун негизги факторлоруна айланып жатканын белгиледи. Ушуга байланыштуу биргелешкен санариптик инфраструктураны өнүктүрүү, киберкоопсуздук жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү, кадрларды даярдоо жана инновациялык демилгелерди колдоо зарылдыгы белгиленди.

Кыргыз тарап ошондой эле санариптештирүү жаатындагы биргелешкен долбоорлорду практикалык жактан ишке ашыруунун, транспорттук-логистикалык өз ара байланышты өнүктүрүүнүн жана ТМУга мүчө мамлекеттердин ортосунда технологиялык кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурду.

Жыйынтыгында тышкы иштер министрлери ТМУнун мамлекет башчылары кеңешинин күн тартибин жана жыйынтык документтерин бекитишти. Мындан тышкары анын Катчылыгынын институттук жана санариптик потенциалын мындан ары чыңдоо жөнүндө чечим кабыл алышты.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар