Марлен Маматалиев Ош облусундагы Чоң-Алай районуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар мектептердин жана бала бакчалардын абалы менен таанышты. Төрага билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп, айрым объектилер капиталдык оңдоого жана жаңылоого муктаж экенин айтты.
Иш сапарынын жүрүшүндө Кызыл-Эшме айылындагы Ынакбай уулу Келдибек атындагы орто мектеп, Жекенди айылындагы Кыргызстан атындагы орто мектеп жана Шибээ айылындагы Изат Сулайманова атындагы мектепке чейинки билим берүү уюму текшерилди. Айрыкча авариялык абалдагы бала бакчанын ордуна жаңы имарат куруу чечими кабыл алынганы маалымдалды.
Мындан тышкары, Дароот-Коргон айылындагы Маданият үйүндө жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өтүп, жол, билим берүү, саламаттык сактоо, ирригация жана чек ара маселелери көтөрүлдү.
Өз сөзүндө Садыр Жапаров тарабынан жүргүзүлүп жаткан аймактарды өнүктүрүү саясатынын алкагында социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып жатканын белгиледи.


