Башкы беткеКоомЫсык-Көлдө спорт, туризм жана соцобъекттердин абалы каралды

Ысык-Көлдө спорт, туризм жана соцобъекттердин абалы каралды

Марлен Маматалиев Ысык-Көлгө болгон иш сапарынын алкагында Жети-Өгүз жана Тоң райондорундагы спорттук, туристтик жана социалдык объекттердин абалы менен таанышты.

Кызыл-Суу айылындагы стадионду реконструкциялоо долбоору көрсөтүлүп, жаштар үчүн спорттук инфраструктураны кеңейтүү маселеси көтөрүлдү. Ал эми Жомок каньону боюнча туристтик жүктү азайтуу жана жаратылышты сактоо максатында жаңы инфраструктураны төмөнкү аймакка жайгаштыруу сунушталды.

Иш сапар маалында төрага Энелер күнүнө арналган форумга катышып, энелерди колдоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты экенин белгиледи. Ошондой эле пайдаланылбай жаткан жерлерди ишке берүү, Бөкөнбаевдеги стадион жана этно-музей долбоорлору, мектептерге кошумча бала бакча куруу маселелери талкууланды.

Сапардын соңунда жергиликтүү тургундар менен жолугушууда жол, суу, туризм жана социалдык инфраструктура көйгөйлөрү көтөрүлдү.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар