Кытайда көмүр менен иштеген жылуулук электр станцияларынын атмосферага чыгарган зыяндуу газдарын кайра иштетип, айыл чарба үчүн пайдалуу продукцияга айландыруучу жаңы технология ишке кирди. Бул тууралуу массалык маалымат каражаттары кабарлады.
Маалыматка ылайык, жаңы система аркылуу көмүр кычкыл газы жана күкүрт кошундулары атайын жабдуулар менен бөлүнүп алынып, андан соң химиялык реакциянын негизинде жер семирткичтер өндүрүлөт.
Долбоорду Кытайдын “Jiangnan Environmental Technology” компаниясы ишке ашырууда. Станциядан чыккан түтүн атайын тазалоочу система аркылуу өткөрүлүп, анын курамындагы көмүр кычкыл газы менен күкүрт аммиак менен реакцияга киргизилет. Натыйжада аммоний сульфаты жана аммоний бикарбонаты сыяктуу айыл чарбада кеңири колдонулган жер семирткичтер алынат.
Адистердин баамында, бул ыкма бир эле учурда эки маселени чечүүгө багытталган: атмосферанын булганышын азайтуу жана фермерлер үчүн арзан жер семирткич өндүрүү. Ошондой эле технология көмүр энергетикасынын экологияга тийгизген терс таасирин азайтууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Долбоор энергетика жана айыл чарба тармактарын айкалыштырып, өндүрүш калдыктарын кайра пайдалануунун жаңы үлгүсү катары бааланууда.



