Башкы беткеКоомАта-энелер үчүн “Доор өзгөрткөн билим” форуму өтөт

Ата-энелер үчүн “Доор өзгөрткөн билим” форуму өтөт

Өлкө боюнча ата-энелер үчүн “Доор өзгөрткөн билим” аттуу форум өткөрүлөт. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарада 12 жылдык билим берүүнүн биринчи жылындагы жыйынтыктар талкууланып, ата-энелерди кызыктырган суроолорго жооп берилет.

Форум 20-майда Бишкек шаарында Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана мэр Айбек Жунушалиевдин катышуусунда башталат. Андан соң иш-чара өлкөнүн бардык аймактарында улантылат.

Иш-чара УТРК аркылуу түз эфирде көрсөтүлөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар