Башкы беткеКоомЧүйдө жайыттарда мототехника айдагандарга рейд күчөтүлдү

Чүйдө жайыттарда мототехника айдагандарга рейд күчөтүлдү

Бишкек шаарында жана Чүй облусунда эндуро жана башка мототехникалардын жайыттарга, көл жээктерине жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына уруксатсыз кирген учурлары көбөйүүдө. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, акыркы рейддердин жүрүшүндө ондогон мыйзам бузуу фактылары аныкталган. Ведомство мындай аракеттер жайыттын кыртышын бузуп, өсүмдүктөргө, жапайы жаратылышка жана экосистемага зыян келтирерин белгиледи.

Учурда профилактикалык иштер күчөтүлүп, мыйзам бузгандарга 20 миң сомго чейин айып пул салынары эскертилди.

Министрлик жарандарды жаратылыш аймактарында эрежелерди сактоого чакырып, “жайыт — трасса эмес, табият — оюн талаасы эмес” экенин белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар