Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин тескемеси менен Салкын Сарногоева Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды.
Буга чейин бул кызматты Марат Тагаев аркалап келген. Кийинчерээк ал Кыргызстандын ТҮРКСОЙ уюмундагы өкүлү болуп дайындалган.
Салкын Сарногоева акыркы жылдары Маданият министрлигинин маалыматтык саясат башкармалыгын жетектеп келген.
Ал 1974-жылдын 29-декабрында төрөлгөн. 2015-жылдын февраль айынан 2019-жылдын июлуна чейин Маданият министрлигинин Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин директорунун орун басары болуп иштеген.
2019-жылдын июнь айында аталган департаменттин директору болуп дайындалып, маалыматтык саясат жана коммуникация тармагында эмгектенип келген.



