Үстүбүздөгү жылдын 23-майында саат 19:30да Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата “100 күн калды” аттуу артка саноо таблосун расмий ишке киргизүү аземи өтөт.
Бул дата эл аралык коомчулук, оюндардын катышуучулары, туристтер жана Кыргызстандын жарандары үчүн маанилүү символикалык белги болуп саналат. Ал дүйнөдөгү ири этномаданий жана спорттук иш-чаралардын бири болгон Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жакындап калганын билдирет.
Иш-чаранын алкагында борбор калаанын тургундары жана коноктору үчүн концерттик программа, улуттук спорт түрлөрү боюнча көрсөтмө оюндар, өнөктөштөрдүн тематикалык аянтчалары жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын сувенирлерин таратуу уюштурулат.
Салтанатка Министрлер Кабинетинин өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык катчылыгы, өнөктөштөр, ыктыярчылар жана шаар тургундары катышат.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргыз Республикасында 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт.



