Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Түндүк–Түштүк альтернативдик жолу 2026-жылдын 1-июнунан тартып убактылуу пайдаланууга берилерин билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, жол июнь айынан ноябрга чейин ачык болот. Учурда каттамды ачууга даярдык көрүлүп, коопсуздукту камсыздоо боюнча кошумча иштер жүргүзүлүүдө. Мекеме айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого жана ылдамдыкты ашырбоого чакырды.
Буга чейин Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков альтернативдик жол толугу менен 2028-жылы пайдаланууга берилерин билдирген.
Маалыматка ылайык, долбоорду ишке ашырууга 937 миллион доллар насыя алынган. Анын 46 миллион доллары гранттык каражат болуп эсептелет. Учурда 560 миллион доллар өздөштүрүлгөн.
Долбоордун негизги инвесторлору катары Кытайдын Эксимбанкы, Азия өнүктүрүү банкы жана Ислам өнүктүрүү банкы саналат. Ал эми курулуш иштерин Кытайдын China Road & Bridge Corporation компаниясы жүргүзүүдө.



