Кытай Эл Республикасынын коомдук коопсуздук министри Ван Сяохун баштаган делегация бүгүн расмий сапар менен Бишкек шаарына келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлиги маалымдады.
Сапардын алкагында Кытай делегациясы менен ички иштер министри Улан Ниязбековдун эки тараптуу жолугушуусу өтөрү пландалууда.
Жолугушууда тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгынын учурдагы абалын талкуулап, укук коргоо тармагындагы өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүү маселелерине көңүл бурушат. Ошондой эле коопсуздук жаатындагы ведомстволор аралык кызматташуунун келечектүү багыттары каралары күтүлүүдө.



