18-майдан тарта Кыргызстанда билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлери үчүн жеке маалыматтарды коргоо жана кибергигиена боюнча масштабдуу окутуу программасы башталды. Алгачкы тренингдер Баткен облусунун Раззаков шаарында жана Ош облусунун Дароот-Коргон айылында өттү.
Долбоор “санариптик кербен” форматында уюштурулуп, өлкөнүн бардык аймактарын, анын ичинде алыскы райондорду камтыйт. Окутуунун негизги максаты — мугалимдерди жана медицина кызматкерлерин кибергигиена эрежелерине, интернет коопсуздугуна жана жарандардын жеке маалыматтарын коргоого үйрөтүү.
Тренингдерде ишенимдүү сырсөздөрдү түзүү, эки факторлуу коргоону колдонуу жана интернет алдамчылыгын аныктоо боюнча практикалык сабактар өтүлүүдө.
Долбоор Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан Европа Биримдиги колдогон эл аралык долбоорлор менен биргеликте ишке ашырылууда.



