Эмгек мыйзамдарын контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча кызмат 2026-жылдын I кварталында эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөө боюнча 289 текшерүү жүргүзүп, 500 мыйзам бузуу аныктады. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, өзгөчө көңүл эмгек акыны өз убагында төлөө, эмгекти коргоо талаптарын сактоо жана эмгек мамилелерин мыйзамдуу тариздөө маселелерине бурулуп, кызматкерлерге кармалып калган 3 млн 245 миң сомдон ашык эмгек акы төлөтүлдү.
Мындан тышкары, жарандардан түшкөн 646 кайрылуу каралып, 1642 консультация берилди. Өткөн жылга салыштырмалуу эмгек мыйзамдарын бузуу жана өндүрүштөгү кырсыктар азайганы белгиленди.
Мындан тышкары өндүрүштөгү 33 кырсык иликтенип, мыйзам бузуулар үчүн жалпы суммасы 1 млн 899 миң сом айып пул салынган.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эмгек мыйзамдарын бузуу фактыларынын жана өндүрүштөгү кырсыктардын саны азайганы байкалууда.



