Башкы беткеМинистрлер кабинетиЖер берүү жол-жоболору жөнөкөйлөтүлүп, электрондоштурулат

Жер берүү жол-жоболору жөнөкөйлөтүлүп, электрондоштурулат

 

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйыны өттү.

Жыйында “Кыргыз Республикасынын Жер кодексине шайкеш келтирүү максатында Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтом долбоору каралды.

Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик тиешелүү баяндама жасап, сунушталган өзгөртүүлөр Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү тарабынан колдоо тапты.

Кабыл алынган чечимге ылайык төмөнкү жоболорго өзгөртүүлөр киргизилди:

  • муниципалдык менчиктеги жер участокторуна менчик жана ижара укугун берүү тартибине;
  • мамлекеттик менчиктеги жер участокторун берүү тартибине;
  • запастагы жерлерди пайдалануу жана түзүү тартибине;
  • жерди мамлекеттик эсепке алуу (жер кадастры) боюнча жобого.

Жаңы өзгөртүүлөр Жер кодексинин жаңы редакциясына шайкеш келтирилип, улуттук жана инвестициялык долбоорлор үчүн жер участокторун берүү механизмдерин өркүндөтүүгө багытталган.

Мындан тышкары мамлекеттик жана муниципалдык жерлерди натыйжалуу пайдалануу камсыздалып, жер берүү жол-жоболору жөнөкөйлөтүлөт. Ошондой эле электрондук форматтагы кызматтарды киргизүү каралган.

Жыйындын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев бул токтом өзгөчө улуттук жана инвестициялык долбоорлор үчүн маанилүү экенин белгиледи. Ал документ коомдук талкууга коюлганын жана маселени ыкчам кароо зарылдыгына байланыштуу Министрлер Кабинетинин жалпы жыйынынын күн тартибине киргизилгенин кошумчалады.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар