Башкы беткеПрезидентКыргыз-кытай коопсуздук кызматташтыгы талкууланды

Кыргыз-кытай коопсуздук кызматташтыгы талкууланды

Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков бүгүн, 19-майда Кытай Эл Республикасынын коомдук коопсуздук министри Ван Сяохун менен жолугушту.

Жолугушууда кыргыз-кытай мамлекеттер аралык кызматташтыгынын маселелери талкууланды, ошондой эле коопсуздук чөйрөсүндөгү учурдагы эл аралык кырдаалга байланыштуу пикир алмашуу болду.

Адилет Орозбеков КЭР коомдук коопсуздук министрлигинин башчысына 2026-жылдын 14-майында Бишкек шаарында кыргыз тараптын төрагалыгы алдында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 21-жыйынынын жыйынтыктары жөнүндө айтып берди.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Кыргызстан эл аралык коопсуздукту камсыз кылуу жана актуалдуу чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча иш-чараларга катышууга жоопкерчилик менен мамиле жасаарын өзгөчө белгиледи.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар