Башкы беткеДүйнөЭкономикалык абалды өкмөт БУУ менен талкуулады

Экономикалык абалды өкмөт БУУ менен талкуулады

14-майда Кыргызстанда Бириккен Улуттар Уюмунун 2023–2027-жылдарга каралган туруктуу өнүгүү боюнча алкактык программасын ишке ашырууга арналган Стратегиялык координациялык комитеттин жыйыны өттү.

Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Адылбек Касымалиев Кыргызстан менен БУУнун ортосундагы кызматташтык туруктуу өнүгүүнүн маанилүү багыттарынын бири экенин белгиледи. Анын айтымында, акыркы жылдары өлкө экономикасы туруктуу өсүштү көрсөтүп, бул жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана социалдык колдоону күчөтүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө.

Өз кезегинде Антье Граве Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстанды экономикалык жана социалдык өнүктүрүү багытында колдоону улантарын билдирди.

Жыйындын алкагында БУУнун Кыргызстандагы долбоорлорунун жыйынтыктары жана орто мөөнөттүү өнүгүү пландары талкууланды.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар