Башкы беткеКоомКычкылтек тартыштыгын жоюучу жаңы станция ишке берилди

Кычкылтек тартыштыгын жоюучу жаңы станция ишке берилди

Жаңы медициналык кычкылтек өндүрүүчү станция Ноокат районунда ишке кирүүгө даярдалды. Объект COVID-19 пандемиясы учурунда байкалган кычкылтек тартыштыгы сыяктуу көйгөйлөрдү алдын алуу максатында курулду.

Долбоорду ишке ашырууда БУУнун өнүктүрүү программасы (БУУӨП) Саламаттык сактоо министрлиги менен өнөктөштүктө иш алып барды.

Германияда чыгарылган заманбап жабдуулар менен жабдылган станция суткасына 100–150 баллон медициналык кычкылтек өндүрүүгө жөндөмдүү болуп, Ноокат районунун гана эмес, коңшу райондордун да керектөөсүн камсыздай алат.

Мындан тышкары, жаңы станция кычкылтек сатып алууга кеткен чыгымдарды кыйла кыскартат. Мурда жылына орточо 32 млн сом сарпталса, эми бул сумма 3,7 млн сомго чейин төмөндөөрү күтүлүүдө.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар