19-майда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов Татарстан Республикасынын (Россия Федерациясы) Премьер-министринин орун басары Василь Шайхразиев менен жолукту.
Жолугушууда тараптар соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык, билим берүү жана спорт тармагындагы кыргыз-татар кызматташтыгын тереңдетүү маселелерин талкуулашты.
Улан Маматканов Кыргызстан эки тараптуу алакаларды бекемдөөгө өзгөчө маани берерин белгилеп, 2025–2027-жылдарга карата биргелешкен иш-аракеттер планы кызматташуунун негизги багыттарын аныктап берерин айтты.
Жолугушууда маданий-гуманитардык байланыштарга, жаштар саясатына жана спорт тармагындагы өз ара аракеттенүүгө көңүл бурулду. Ошондой эле Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык маселеси талкууланып, татарстандык спортчулар эл аралык иш-чарага катышууга чакырылды.
Жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары да чыңдоого кызыкдар экенин билдиришти.



