18–27-май күндөрү Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталда катаракта диагнозу коюлган бейтаптарга 300 акысыз операция жасалат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бейтаптарды текшерүү жана операцияларды кытайлык офтальмолог дарыгерлер жүргүзөт. Иш-чара “Экспресс-ден соолук – жаркын саякат” эл аралык долбоорунун алкагында уюштурулууда.
Долбоордун максаты — катаракта менен жабыркаган жарандарга заманбап медициналык жардам көрсөтүү.
Бейтаптарды каттоо 12–18-май аралыгында жүргүзүлөт. Каттоо иш күндөрү саат 09:00дөн 16:00гө чейин өтөт.
Дареги: Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 1.
Байланыш телефону: 0 (555) 025-171.
Катталуу үчүн офтальмологдун жолдомосу, анализдер жана өздүгүн тастыктаган документтер талап кылынат.


