Экосистемаларды сактоо, жаратылыш ландшафттарынын деградацияланышын алдын алуу жана парктык-пляждык аймактарга терс таасир тийгизбөө максатында Кыргызстандын айрым аймактарында мототранспорт каражаттарын эксплуатациялоого чектөө киргизилди.
Тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Токтомго ылайык, мототранспорт каражаттарынын кирүүсүнө жана жүрүүсүнө төмөнкү аймактарда чектөө киргизилет:
- өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында;
- парктык-пляждык зоналардын чектеринде;
- жайыттарда.
Ошол эле учурда бул чектөө автомобиль жолдорунда мототранспорт каражаттарынын кыймылына тиешеси жок экени белгиленди. Мындан тышкары, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында экскурсиялык экологиялык маршруттарды, туристтик жолдорду жана токтоочу жайларды белгиленген тартипте уюштурууга тоскоолдук жаратпайт.
Токтом мамлекеттик маанидеги илимий-изилдөө жана маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүгө да чектөө киргизбейт.



