20-майдан тартып Баткен облусундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы айрым өткөрүү пункттары күчөтүлгөн режимде иштей баштады. Бул тууралуу Чек ара кызматынан маалымдашты.
Ага ылайык, “Кадамжай – автожол”, “Чечме – автожол” жана “Ак-Кыя – автожол” өткөрүү бекеттери эми жарандарды күнү-түнү кабыл алат.
Маалыматта белгиленгендей, мындай чечим жайкы туристтик сезон учурунда чек арадагы жүктөмдү азайтып, жарандардын өтүүсүн жеңилдетүү максатында кабыл алынган. Өзгөртүлгөн иш тартиби үстүбүздөгү жылдын 1-октябрына чейин сакталат.
Белгилей кетсек, аталган өткөрүү пункттары аркылуу Кыргызстандын жана Өзбекстандын жарандары гана өтө алышат.



