Бүгүн, 21-майда Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Швейцариянын Улуттук банкынын төрагасы Мартин Шлегель менен жолугушуу өткөрдү. Анда эки өлкөнүн борбордук банктарынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, техникалык өз ара аракеттенүү, тажрыйба алмашуу жана финансылык-банктык тармакка алдыңкы эл аралык стандарттарды киргизүү маселелери талкууланды.
Мамлекет башчысы Улуттук банктын институционалдык мүмкүнчүлүктөрүн бекемдөө, адистердин квалификациясын жогорулатуу жана заманбап эл аралык тажрыйбаларды колдонуу Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи. Ал Швейцариянын Улуттук банкы бул жааттагы бай тажрыйбасы кыргыз тарап үчүн маанилүү экенин айтып, эки каржы институтунун ортосундагы практикалык кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Жолугушууда эл аралык резервдерди башкаруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп, Президент Садыр Жапаров швейцариялык адистердин жогорку кесипкөйлүгүн белгиледи. Ошондой эле ал эки өлкөнүн тиешелүү адистеринин ортосунда үзгүлтүксүз диалогду жана кесиптик тажрыйба алмашууну кеңейтүүгө даяр экенин ырастады.
Өз кезегинде Мартин Шлегель Кыргызстанга болгон алгачкы сапарына кубанычта экенин айтып, эки өлкөнүн борбордук банктарынын ортосундагы кызматташтык жогорку деңгээлде өнүгүп жатканын белгиледи. Ал 1990-жылдары швейцариялык эксперттер Кыргызстандын улуттук валютасы — сомду киргизүү процессинде кеңеш берүү иштерине катышканын эске салып, бүгүнкү күндө сом аймактагы туруктуу валюталардын бири болуп саналаларын айтты.
Мартин Шлегель ошондой эле Швейцариянын Улуттук банкы кыргыз тарап менен техникалык өнөктөштүктү улантууга даяр экенин билдирип, Кыргызстандын экономикалык өсүшү Борбор Азиядагы эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири экенине токтолду.
Жолугушуунун соңунда ал Ысык-Көл аймагына болгон сапарынан алган таасирлери менен бөлүшүп, Кыргызстандын кооз жаратылышын, тоолуу пейзаждарын жана Ысык-Көлдүн ажайып көрүнүшүн өзгөчө белгиледи.



