Башкы беткеСаясатКыргыз-беларусь соода жана экономикалык алакалары сүйлөшүлдү

Кыргыз-беларусь соода жана экономикалык алакалары сүйлөшүлдү

22-майда Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Санкт-Петербург шаарында Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынынын Республикалык кеңешинин Төрайымы Наталья Кочанова менен жолугушту.

Тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты, соода-экономикалык байланыштарды жана тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.

Марлен Маматалиев Кыргызстан менен Беларусь ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирип, медициналык багыттагы кызматташтыкка да көңүл бурду.

Өз кезегинде Наталья Кочанова кыргыз-беларусь алакалары жаңы деңгээлге чыкканын белгилеп, кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө даяр экенин айтты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар