Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы “7 образ — бир тарых” аттуу жаңы визуалдык кампаниянын башталганын жарыялады. Маалыматка ылайык, кампания жети өзүнчө визуалдык сюжеттен туруп, алардын ар бири көчмөн маданиятынын өзгөчө бөлүгүн — кыймылды, улуттук спортту, салтты жана адамдын мейкиндик менен байланышын чагылдырат. Долбоор Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктын алкагында ишке ашырылып, санариптик платформаларда, медиа мейкиндикте жана шаардык визуалдык форматтарда жайылтылат. Катчылыктын билдиришинче, сюжеттер реалдуу турмуштагы көрүнүштөргө негизделген. Анда атты даярдоо, улуттук оюндар, күнүмдүк жаңсоолор жана кыргыз элинин салт-санаасына терең сиңген ырым-жырымдар көркөм чагылдырылган. “Бул өткөндү жөн гана эске салуу эмес, маданияттын бүгүнкү күндөгү жандуу көрүнүшү”, — деп айтылат маалыматта. Белгиленгендей, “7 образ — бир тарых” концепциясы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги визуалдык стилине айланып, тышкы жарнамаларда, социалдык тармактарда жана расмий медиа-кампанияларда колдонулат.
“7 образ — бир тарых”: Көчмөндөр оюндары жаңы визуалдык кампанияны баштады
84

Аптанын эң көп окулгандары


