Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өлкөдө төлөмдөрдү борборлоштуруу жана санариптештирүү багытындагы иштерин улантууда. Бул тууралуу мекеменин төрагасы Алмаз Бакетаев билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда бирдиктүү QR-код төлөм системасы киргизилип, ал эл аралык деңгээлге чыгарылууда.
Долбоор Alipay+ менен биргеликте ишке ашырылып, өткөн жылдан тарта даярдалган. Учурда система расмий түрдө иштей баштады.
Бул мүмкүнчүлүк аркылуу кыргызстандыктар дүйнөнүн 62 өлкөсүндө ар кандай валютада QR-код аркылуу төлөм жүргүзө алышат.
Расмий өкүлдүн айтымында, бул система чет өлкөлөрдө эсептешүүнү жеңилдетип, накталай акча колдонууга болгон муктаждыкты азайтат жана төлөмдөрдү ыңгайлуу кылат.



