Башкы беткеКоомКыргызстанда эмгек рыногунда кызматкерлердин менталдык ден соолугу актуалдуу темага айланууда

Кыргызстанда эмгек рыногунда кызматкерлердин менталдык ден соолугу актуалдуу темага айланууда

Бош орундар боюнча агентиктер жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, Кыргызстанда иш берүүчүлөр менен жумуш издөөчүлөр менталдык ден соолук маселесинин маанилүүлүгүн тааныганы менен, бул темада толук ишеним азырынча калыптана элек. Акыркы жылдары эмоционалдык чарчоо, стресс жана тынчсыздануу учурлары көбөйгөндүктөн, компаниялар кызматкерлердин психологиялык абалына көбүрөөк көңүл бура баштады. Ошол эле учурда кызматкерлер дагы иш берүүчүлөрдөн колдоо жана коопсуз иш чөйрөсүн күтүшөт.

Изилдөөнүн жыйынтыгында иш берүүчүлөрдүн 55 пайызы менталдык өзгөчөлүктөрү бар кызматкерлер тиешелүү колдоо көрсөтүлгөн учурда натыйжалуу иштей аларын белгилешкен. Дагы 30 пайызы бул пикирге толук кошулган.

Бирок компаниялар айрым тобокелдиктерди дагы белгилешкен. Атап айтканда:
— 57 пайызы кызматкердин эмоционалдык абалынын туруксуздугунан кооптонушат;
— 46 пайызы коммуникациядагы кыйынчылыктарды белгилешкен;
— 37 пайызы командага кошумча жүк түшүшү мүмкүн экенин айтышкан.

Ошол эле учурда иш берүүчүлөрдүн болгону 13 пайызы гана менталдык ден соолугу боюнча өзгөчөлүгү бар кызматкерлер менен иштөөнүн туруктуу практикасын түзө алышкан.

Жумуш издөөчүлөр арасында абал дагы татаалыраак экени айтылат. Изилдөөгө ылайык:
— 42 пайыз респондент өзүнүн эмоционалдык абалын туруксуз деп баалаган;
— 60 пайызы мезгил-мезгили менен тынчсыздануу же эмоционалдык чарчоо менен бетме-бет келерин билдирген.

Мындан тышкары, жумуш издөөчүлөрдүн 35 пайызы иш берүүчүгө өзүнүн психологиялык абалы тууралуу айтуудан коркот. Алар терс мамиле же басмырлоо болушу мүмкүн деп кооптонушат. Болгону 23 пайызы гана бул темада ачык сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген.

Адистердин айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстандагы эмгек рыногунда парадоксалдуу кырдаал жаралууда: компаниялар колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдиришкени менен, иш жүзүндө этият мамиле кылышат. Ал эми кызматкерлер колдоого муктаж болгону менен, өздөрүн толук коопсуз сезишпейт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар