Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин аймак жетекчилеринин V форуму жана боордош шаарлардын башчыларынын жолугушуусу расмий түрдө башталды.
Шанхай кызматташтык уюму алкагындагы бул эл аралык иш-чара аймактар аралык кызматташтыкты бекемдөөгө, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана шаарлар ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган маанилүү аянтча болуп саналат.
Форумга экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов жетекчилик кылууда.
Иш-чарага Кыргызстан, Кытай, Өзбекстан, Россия, Тажикстан, Казакстан, Иран, Беларусь, Индия, Пакистан жана ШКУ катчылыгы өкүлдөрүнүн расмий делегациялары катышууда.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, инвестиция тартуу, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, санариптештирүү, туризмди өнүктүрүү, туруктуу өнүгүү жана маданий-гуманитардык алакаларды чыңдоо маселелерин талкуулашат.
Форумдун жыйынтыгында катышуучу шаарлар жана аймактар ортосунда кызматташтыкты бекемдеген бир катар меморандумдарга кол коюу пландалууда.



