Орусия Федерациясында жүргөн Кыргызстандын жарандарынын саны акыркы жылдары азайуу тенденциясын көрсөтүп жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Алмазбек Байбосов билдирди.
Анын айтымында, 2026-жылдын 1-январына карата Орусияда 472 миңден ашуун кыргызстандык жүрсө, 14-майдагы маалымат боюнча бул көрсөткүч 502 миң адамга жеткен. Министрлик муну сезондук жумуштардын башталышы менен түшүндүрүүдө.
Расмий статистикага ылайык, 2022-жылы Орусияда 587 миңден ашык кыргызстандык болсо, учурда бул көрсөткүч төмөндөп жатат.
Ошондой эле бүгүнкү күндө 91 миңден ашуун кыргызстандык Орусиянын “кара тизмесинде” турат. Өткөн жылы 6 миңден ашык жаран депортацияланган.
Мындан тышкары, учурда Орусияда жаза өтөп жаткан кыргызстандыктарды мекенге которуу иштери уланууда. Быйыл 21-майга карата 156 жаран Кыргызстанга кайтарылган.



