Башкы беткеМинистрлер кабинетиМирбек Мамбеталиев «Максат» борборундагы балдарды майрамы менен куттуктады

Мирбек Мамбеталиев «Максат» борборундагы балдарды майрамы менен куттуктады

1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Чүй облусундагы «Максат» ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана жетим балдардын ден соолугун калыбына келтирүү борборуна барды.

Министр борбордун тарбиялануучуларын майрамы менен куттуктап, аларга белектерди, балдар адабияттарын жана борбордун муктаждыктары үчүн керектүү гигиеналык каражаттарды тапшырды. Ошондой эле балдарга чың ден соолук, бакубат жашоо жана жаркын келечек каалады.

Мирбек Мамбеталиев өз сөзүндө мамлекет балдардын укуктарын коргоого, алардын сапаттуу билим алышына, ден соолугун чыңдоого жана ар тараптуу өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи.

Майрамдык иш-чаранын алкагында балдар үчүн маданий программа уюштурулуп, А. Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин артисттери кызыктуу оюн-зоок тартуулашты. Маскарапоздордун көңүлдүү көрсөтүүлөрү балдарга майрамдык маанай тартуулап, кубанычтуу көз ирмемдерди тартуулады.

Балдарды коргоонун эл аралык күнү — жаш муунга кам көрүүнүн, алардын укуктарын коргоонун жана татыктуу келечегин камсыздоонун маанилүүлүгүн эске салган өзгөчө күн болуп саналат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар