Кечээ, 1-июнда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев Татарстан Республикасынын экология жана жаратылыш ресурстары министри Азат Зиганшин жетектеген делегацияны кабыл алды. Жолугушууда тараптар экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.
Арслан Койчиев кыргыз жана татар элдерин тарыхый байланыштар, орток маданий мурас жана түрк дүйнөсүнө таандык руханий баалуулуктар бириктирип турарын белгиледи.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, суу жана токой ресурстарын коргоо, экологиялык мониторинг жүргүзүү жана жашыл технологияларды жайылтуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле экология тармагындагы адистердин тажрыйба алмашуусун өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду.
Мамлекеттик катчы жакынкы күндөрү Кыргызстанда өтө турган юбилейлик Ысык-Көл эл аралык форумуна Татарстан өкүлдөрүнүн катышуусу эл аралык интеллектуалдык диалогду өнүктүрүүгө жана элдер ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар экологиялык коопсуздук, жаратылыш ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жана маданий-гуманитардык кызматташтык багыттарында өз ара аракеттенүүнү мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.



