Башкы беткеМинистрлер кабинетиБаткен облустук прокуратурасынын жаңы имараты пайдаланууга берилди

Баткен облустук прокуратурасынын жаңы имараты пайдаланууга берилди

Бүгүн, 3-июнда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин жана Башкы прокурор Максат Асаналиевдин катышуусунда Баткен облусунун прокуратурасынын жаңы административдик имараты пайдаланууга берилди.

Иш-чаранын ачылышында Адылбек Касымалиев куттуктоо сөзүн сүйлөп, өзгөчө стратегиялык мааниге ээ болгон Баткен областында прокуратура органдарынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо мамлекеттин укук коргоо системасын өнүктүрүүдөгү маанилүү багыттардын бири экенин белгиледи.

Административдик имарат эки кабаттуу болуп курулуп, кызматкерлердин иштөөсү үчүн бардык шарттар түзүлдү. Курулуш республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.     

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар