Башкы беткеДүйнөТүндүк Корея өзөктүк өндүрүштү көбөйтүп жатканын жарыялады

Түндүк Корея өзөктүк өндүрүштү көбөйтүп жатканын жарыялады

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жакында ишке берилген өзөктүк материал өндүрүүчү жаңы заводго барып, анын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу өлкөнүн мамлекеттик KCNA маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Ким Чен Ын жана жогорку кызмат адамдары ишкананын иши менен таанышып, өлкөнүн өзөктүк потенциалын мындан ары күчөтүү боюнча милдеттерди белгилешкен. Лидер акыркы беш жыл аралыгында өзөктүк курал жасоого жарактуу материалдарды өндүрүү көлөмү эки эсеге көбөйгөнүн белгиледи.

Түндүк Кореянын бийлиги жаңы ишканада заманбап технологиялар колдонуларын билдиргени менен анын так жайгашкан жери жана качан ишке берилгени тууралуу маалымат берген жок.

Мамлекеттик маалымат каражаттары жарыялаган сүрөттөрдө уран байытууда колдонулуучу центрифугалар жайгашкан өндүрүш цехтери көрүнгөнү маалымдалууда. Байкоочулар бул объект өлкөнүн негизги өзөктүк борборлорунун бири болгон Ёнбён комплексинде жайгашышы мүмкүн экенин белгилешүүдө.

Пхеньян акыркы жылдары өзөктүк программасын кеңейтүүнү улантып, аны өлкөнүн коопсуздугун камсыздоонун негизги багыты катары көрсөтүп келет. Эл аралык эксперттердин баамында, учурда Түндүк Кореяда 50дөн 100гө чейин өзөктүк дүрмөт болушу мүмкүн.

Түштүк Корея жана АКШ бул багыттагы аракеттерге көз салып жатканын билдирип, аймактагы коопсуздук маселелерине байланыштуу тынчсызданууларын билдиришүүдө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар