Башкы беткеМаданиятКыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнө арналган көркөм панно ачылды

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнө арналган көркөм панно ачылды

Бишкек шаарында кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө салым кошкон көрүнүктүү инсандарга арналган көркөм паннонун салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Панно борбор калаадагы Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан Old Bishkek жер алдындагы соода борборунун кире беришине орнотулду. Анын узундугу 27 метрди, бийиктиги 6,4 метрди түзөт.

Долбоордун негизги максаты — кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхын даңазалоо, улуттук аң-сезимди бекемдөө жана мекенчилдик баалуулуктарды жайылтуу. Композицияда мамлекеттин калыптанышына зор салым кошкон мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин элестери чагылдырылган.

Ачылыш аземине мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, маданият министри Мирбек Мамбеталиев, Кыргыз Республикасынын Баатыры Медеткан Шеримкулов, Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев, Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Латиф Гандилов, ошондой эле коомдук ишмерлер, маданият өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты.

Иш-чарада сөз сүйлөгөндөр панно тарыхый эстутумду сактоого, улуттук тарыхты даңазалоого жана жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоого кызмат кыларын белгилешти.

Көркөм эмгектин автору — Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү Таалайбек Усубалиев. Панно кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн өнүгүшүнө салым кошкон инсандардын элесин түбөлүккө калтыруу багытындагы маанилүү маданий долбоорлордун бири катары бааланууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар