Башкы беткеМинистрлер кабинетиАдылбек Касымалиев: Кыргызстан менен Беларусь кызматташтыгы бардык негизги тармактарда активдүү өнүгүүдө

Адылбек Касымалиев: Кыргызстан менен Беларусь кызматташтыгы бардык негизги тармактарда активдүү өнүгүүдө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчин менен болгон жолугушууда беларусь делегациясынын Кыргызстанга расмий иш сапары менен келгенине ыраазычылык билдирди.

Өз сөзүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы Кыргызстан менен Беларусь ортосундагы эки тараптуу мамилелер акыркы жылдары жаңы мазмун менен толукталып, стратегиялык өнөктөштүк деңгээлинде өнүгүп жатканын белгиледи.

«Беларусь Республикасы Кыргызстан үчүн ишенимдүү өнөктөштөрдүн бири болуп саналат. Бүгүнкү күндө өнөр жай, экономика, энергетика, айыл чарба, билим берүү жана башка бир катар тармактарда өз ара пайдалуу кызматташтык ийгиликтүү жүргүзүлүп жатат. Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы байланыштар мамлекеттик деңгээлде гана эмес, бизнес өкүлдөрүнүн жана аймактар аралык кызматташтыктын алкагында да бекемделүүдө», – деди Адылбек Касымалиев.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өндүрүштүк кооперацияны кеңейтүү, биргелешкен ишканаларды түзүү, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү көбөйтүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле энергетика тармагындагы кызматташтыкты күчөтүү, заманбап технологияларды колдонуу жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алышуу болду.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын айтымында, Кыргызстан менен Беларусь ортосундагы соода жүгүртүүнүн жана өндүрүштүк кызматташтыктын көлөмү 200 миллион АКШ долларынан ашып, эки өлкөнүн экономикалык алакаларынын туруктуу өсүп жатканын көрсөтүүдө.

Адылбек Касымалиев билим берүү жана маданий-гуманитардык кызматташтык эки өлкөнүн мамилелеринде өзгөчө орунду ээлерин белгиледи. Ал кыргызстандык окуучуларды Беларус өлкөсүндө уюштурулган жайкы ден соолукту чыңдоочу жана билим берүү лагерлерине жөнөтүү боюнча кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, бул жаштардын тажрыйба алмашуусуна жана достук байланыштарды бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн айтты. Ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасы Беларус тарапты Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына активдүү катышууга чакырып, бул иш-чара элдердин маданиятын, тарыхын жана улуттук салттарын дүйнөгө тааныткан уникалдуу аянтча экенин белгиледи. Өз кезегинде Беларусь Республикасынын Премьер-министри Александр Турчин өлкөсү көчмөндөр оюндарына катышууга кызыкдар экенин билдирип, маданий жана спорттук байланыштарды мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экенин айтты.

Тараптар эки мамлекеттин ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелерди мындан ары да тереңдетүүгө, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана жаңы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар