Башкы беткеПрезидентПрезидент мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдарды ыйгаруу тартибин өзгөрттү

Президент мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдарды ыйгаруу тартибин өзгөрттү

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу тартибин өркүндөтүүгө багытталган жарлыктарга кол койду.

Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын ишин жөнгө салган жобого өзгөртүү киргизилди. Документтин негизинде мындан ары өлкөдөгү эң жогорку мамлекеттик сыйлыктардын катарына кирген «Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры» жана «Эмгек Баатыры» артыкчылык даражаларын ыйгаруу маселелери Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жыйынында гана каралат.

Мамлекет башчысы ошондой эле «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоонун жана ардак наамдарын ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» жаңы жарлыкка кол койду.

Документте мамлекеттик сыйлыктарга жана ардак наамдарга талапкерлерди көрсөтүү, кароо, сыйлоо жана тиешелүү чечимдерди кабыл алуу жол-жоболору такталган. Жаңы жобо «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары, ардак наамдары жана мамлекеттик сый акылары жөнүндө» мыйзамдын талаптарына ылайык иштелип чыккан.

Ошол эле учурда Президенттин 2024-жылдын 3-апрелиндеги мамлекеттик сыйлыктарга жана ардак наамдарга сунуштоо, сыйлоо, тапшыруу, дубликаттарын берүү жана тиешелүү жарлыктарды жокко чыгаруу тартибин жөнгө салган №88 жарлыгы күчүн жоготту деп табылды.

Кабыл алынган документтер мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды ыйгаруу процессинин ачыктыгын, тактыгын жана бирдиктүү тартипте жүргүзүлүшүн камсыздоого багытталган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар