Башкы беткеМаданиятЛегендарлуу ENIGMA долбоорунун алтын үнү Эндрю Дональдс Бишкекте концерт берет

Легендарлуу ENIGMA долбоорунун алтын үнү Эндрю Дональдс Бишкекте концерт берет

12-июнда Бишкекте дүйнөгө таанымал ENIGMA музыкалык долбоорунун белгилүү аткаруучусу, вокалист Эндрю Дональдстын концерти өтөт.
Маалыматка ылайык, концертТоктогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда саат 19:30да башталат.
Кеченин өзгөчөлүгү — Эндрю Дональдс Өзбекстандын Улуттук симфониялык оркестринин коштоосунда өнөр көрсөтөт.
Концерттик программада жандуу үн, симфониялык оркестрдин аткаруусу жана сахнадагы өзгөчө атмосфера айкалышып, көрүүчүлөргө унутулгус музыкалык кеч тартууланары күтүлүүдө.
Уюштуруучулар мындай масштабдагы концерттер сейрек өткөрүлөрүн белгилеп, музыка сүйүүчүлөрдү өзгөчө маданий кеченин күбөсү болууга чакырышууда.
Билеттерди kassir.kg сайтынан, ошондой эле Bishkek Park соода жана көңүл ачуу борборунан күн сайын саат 10:00дөн 22:00гө чейин сатып алууга болот.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар