Башкы беткеПрезидентГрузиянын Премьер-министри Ираклий Кобахидзе Кыргызстанга биринчи расмий сапар менен келет

Грузиянын Премьер-министри Ираклий Кобахидзе Кыргызстанга биринчи расмий сапар менен келет

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен 2026-жылдын 11–13-июнь күндөрү Грузиянын Премьер-министри Ираклий Кобахидзе Кыргызстанга биринчи расмий сапары менен келет.

Сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөр өткөрүлүп, кыргыз-грузин кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланат. Тараптар саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-логистикалык, маданий-гуманитардык жана башка өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча кызматташууну кеңейтүүнүн келечегине өзгөчө көңүл бурушат.

Жолугушуулардын жыйынтыгында эки өлкөнүн укуктук базасын бекемдөөгө жана практикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.

Белгилей кетсек, бул сапар тарыхый мааниге ээ. Анткени Грузия Өкмөтүнүн башчысынын Кыргызстанга болгон алгачкы расмий сапары болуп саналат жана эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелерди жаңы деңгээлге чыгарууга өбөлгө түзөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар