Башкы беткеКоом«Социалдык келишим»: алдамчы, шылуундардан сак болуңуз!

«Социалдык келишим»: алдамчы, шылуундардан сак болуңуз!

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги «Социалдык келишим» программасы аркылуу мамлекеттик жардам алууга көмөктөшөбүз деп акча талап кылган шылуундар пайда болгонун эскертти.

Министрликтин маалыматына ылайык, Баткен облусунда белгисиз адамдар жарандардан социалдык контракт алууга жардам берүү шылтоосу менен акча талап кылганы аныкталып, укук коргоо органдары тарабынан шектүү кармалып, кылмыш иши козголду.

Министрлик социалдык келишимдер аймактык бөлүмдөр аркылуу гана таризделерин белгилеп, каражаттар түздөн-түз алуучунун банктык эсебине которуларын билдирди. Бул кызмат үчүн эч кандай ортомчуга же үчүнчү жактарга төлөм жүргүзүлбөйт.

Белгилей кетсек, «Социалдык келишим» программасынын алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жеке ишкердикти өнүктүрүү үчүн 150 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз жардам көрсөтүлөт. 2022-жылдан бери программага 48 миңден ашуун үй-бүлө катышкан.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар