Бүгүн, 11-июнда Бишкек шаарында Соода-экономикалык кызматташтык боюнча Кыргыз Республикасы менен Грузиянын Биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиясынын 2-жыйыны болуп өттү.
Жыйында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков комиссиянын биринчи жыйыны 2015-жылы өткөнүн белгилеп, 11 жылдык тыныгуудан кийин өткөрүлүп жаткан бүгүнкү жолугушуу эки өлкөнүн кызматташтыгында өзгөчө мааниге ээ экенин билдирди.
Министр акыркы жылдары дүйнөлүк экономикада жана Кыргызстанда олуттуу өзгөрүүлөр болгонун белгилеп, өлкөнүн экономикалык өсүшү, инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу, санариптештирүү жана бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү багытында жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берди.
Ошондой эле тараптар соода-экономикалык, инвестициялык, билим берүү, маданий-гуманитардык жана башка багыттар боюнча кызматташууну мындан ары кеңейтүү маселелерин талкуулашты. Жыйындын жыйынтыгында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган протокол даярдалды.
Бакыт Сыдыков Өкмөттөр аралык комиссия кыргыз-грузин мамилелерин тереңдетүүнүн натыйжалуу механизми экенин белгилеп, анын жыйындарын туруктуу негизде өткөрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.





