Кыргыз Республикасынын АКШдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, ошондой эле Президенттин эл аралык демилгелер боюнча атайын өкүлү Эдиль Байсалов Вашингтондо өткөн Atlantic Councilдун 10-Энергетикалык форумуна катышып, сөз сүйлөдү.
Элчи өз баяндамасында Ормуз кысыгындагы уланып жаткан кризистин дүйнөлүк экономикага жана жаңжалга түздөн-түз катышы жок мамлекеттерге тийгизип жаткан таасирине көңүл бурду.
Анын айтымында, Кыргызстан Перс булуңундагы өлкөлөрдөн мунай импорттобогонуна карабастан, дүйнөлүк энергетикалык ресурстардын кымбатташы өлкө экономикасына олуттуу таасир этүүдө.
«Энергия ресурстарынын баасынын өсүшү айыл чарбасына, транспорт тармагына жана өнөр жайга кошумча басым жаратууда. Биздин эсептөөлөр боюнча, экономикалык жоготуулар өсүштүн 1–1,5 пайызына чейин жетиши мүмкүн», – деди Эдиль Байсалов.
Ал өзгөчө жазгы талаа иштеринин маалында фермерлер дизелдик күйүүчү майды жана башка күйүүчү-майлоочу материалдарды кымбат баада сатып алууга аргасыз болгонун белгиледи.
Элчинин пикиринде, учурдагы кырдаал дүйнөлүк экономиканын өз ара көз карандылыгын дагы бир жолу көрсөтүп, эл аралык соода жана транспорттук байланыштардын туруктуулугун тез арада калыбына келтирүүнүн маанилүүлүгүн айгинеледи.
Форумдун жүрүшүндө Эдиль Байсалов акыркы беш жылдагы Кыргызстандын жогорку экономикалык өсүшү, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана чет элдик инвестицияларды тартуу боюнча түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат берди.
Иш-чаранын маанилүү учурларынын бири катары түрк тараптын Ihlas Group компаниясы тарабынан Нарын, Казарман жана Көкөмерен дарыяларында гидроэлектростанциялар каскадын куруу боюнча ири инвестициялык долбоору сунушталды.
Долбоордун бет ачарында сүйлөгөн компаниянын жетекчиси Ахмет Өрөн Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө жогору баа берип, өлкөдөгү туруктуу экономикалык өсүш, жагымдуу инвестициялык климат жана таланттуу жаштар ири долбоорлорду ишке ашырууга бекем негиз болуп жатканын белгиледи.
Ошондой эле ал эл аралык энергетикалык жана инвестициялык компанияларды Кыргызстандагы жаңы мүмкүнчүлүктөргө көңүл бурууга жана энергетика менен инфраструктура тармактарындагы келечектүү долбоорлорго активдүү катышууга чакырды.



